Жаңылыктар
"Кентавр" тасмасы CICAE байгесине ээ болду
Маданият
"Кентавр" тасмасы CICAE байгесине ээ болду

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Берлин фестивалында Автордук кино эл аралык конфедерациясынын (CICAE) байгесине ээ болду. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фонду билдирди. Фестивалда 10-февраль күнү кыргызстандык тасманын дүйнөлүк премьерасы өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган. Иш-чарага CICAE мүчөлөрү калыстык кылып, тасмаларды "Панорама" жана "Форум" секцияларында карап чыккан соң конфедерация өз сыйлыгын "Панорама" программасында ат салышкан "Кентавр" тасмасына ыйгаруу боюнча чечим кабыл алган. Тасманын улуттук премьерасы Бишкек шаарында март айында өтөт.