Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер кыргыз тилинде сынак тапшырат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер кыргыз тилинде сынак тапшырат

Бишкек шаарынын мэрине талапкерлигин койгондор кыргыз тилинен сынак тапшырат. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Бишкек шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин документтерин кабыл алууну баштады. Анын мөөнөтү 19-февралда аяктайт. Ошол эле күнү талапкерлерден кыргыз тили боюнча сынакты өткөрө турган комиссиянын жыйыны болот. 

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги коалиция жана фракциялар, ошондой эле премьер-министр шаар башчылыгына талапкер сунуш кыла алат. Шаар башчысы болууну каалагандар - талапкер болууга укук берилген документ, арыз, биографиясы жазылган баракчаларды тапшыруусу керек.

Эскерте кетсек,  шаар мэрин шайлоо 27-февралда өткөрүлө тургандыгы маалымдалган. Калаанын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов 9-февралда өз арызы менен иштен кеткен. Азыр мэрдин милдетин Айгүл Рыскулова аткарууда.