Жаңылыктар
Эл аралык турнирде Тыныбекова ийгилик жаратты
Спорт
Эл аралык турнирде Тыныбекова ийгилик жаратты

Швецияда өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, 19-февралда эркин күрөш боюнча "Klippan Lady Open 2017" эл аралык турнирде Тыныбекова 58 килограмм салмак категориясында япониялык Юзури Кумано менен беттешип, аны 9:6 эсебинде утуп алган. Андаң соң, финалдык беттеште россиялык Валерия Коблова менен чыкмак, бирок алган жаракатына байланыштуу күрөшкө чыккан эмес. Турнирге Кыргызстандан 6 балбан кыз катышкан.