Жаңылыктар
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча отурумга даярдык
Саясат
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча отурумга даярдык

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдыда боло турган отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдыда боло турган отурумунда 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу маселелери талкуулана турганы белгиленди. 

“Бул стратегия өлкөнүн узак мөөнөт бою өнүгүшүнүн негизги багыттары белгиленген ушундай стратегиялык документтин, бөтөнчөлөнгөн “жол картасынын” болушу зарыл экенин көрсөттү”, - деди Алмазбек Атамбаев. Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдыда боло турган отурумуна кылдат даярданууну камсыз кылууну тапшырды.