Жаңылыктар
Өз үйүндө музей ачкан окуучу
Кыргызстан жаңылыктары
Өз үйүндө музей ачкан окуучу

Таластык окуучу Залкар Өкүмбеков өз үйүнүн бир бөлмөсүн музейге айландырды. 10-класстын окуучусу чакан музейинде жерде сууда жашоочулардан баштап, канатуулардын түрлөрүнө чейин топтогон музей ачкан. Ал тургай Кыргызстанда кездештирүүгө болбогон жаныбарларды да жаш биологдун бөлмөсүнөн көрүүгө болот.

Залкар чакан музейиндеги жан-жаныбарларын өз убактысы менен азыктандырып турат. Мына бул дениз чочколору күнүгө алма, капуста же нан берип багат. Залкар бул дениз чочколорун Африкадан алдырган. Ал эми бул кызыл кулак таш баканы Австралиядан. Жаныбарларды интернет аркылуу буюртма менен сатып алган. Максаты бөтөн жердин жаныбарларын жакындан таанып, изилдеп көрүү.

Чакан зоо музейге киргенде, тирүү жаныбарлардан башка катырылган жапайы жаныбарларды, курт-кумурскалардын, жылаан жана өсүмдүктөрдүн да түрлөрүн көрүүгө болот. Залкар бул музейдин ичиндегилерди 7 жыл ичинде чогулткан. Анын айтымында көп убактысын ушул бөлмөдө өткөрөт. Себеби анын жан дүйнөсү ушул чөйрө менен толукталат.

"Мен булардын апасындай эле болуп калдым. Бул жакка киргенде баарын кучактап баарын жакшы көрөм. Ушул жерде отуруп булар жөнүндө китептен окуп изилдейм. Кайсы жерде жашайт, эмне менен азыктанат. Мен эми чоң окумуштуу эмесмин да өз деңгээлимде буларды изилдейм",- дейт Манас айылынын тургуну Залкар Өкүмбеков.