Жаңылыктар
Тарых мугалимдери үчүн толеранттуулукка үндөгөн семинарлар өткөрүлөт
Билим
Тарых мугалимдери үчүн толеранттуулукка үндөгөн семинарлар өткөрүлөт

17-февралдан 20-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Евроазиалык Конгресс менен биргеликте тарых мугалимдери үчүн «Толеранттуулук – Холокост сабактары» аттуу темада семинар-тренингдерди өткөрмөкчү. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынан, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан 35 мугалим катышышмакчы.

Семинар дин жана улуттар аралык толеранттуулук маселесин чагылдыруу, Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык процессти өнүктүрүү, туруктуу абалга келтирүүгө багытталган. Тренингдин алкагында мектептердин мугалимдери үчүн  республиканын аймагында улуттар аралык жаңжалдарга тоскоол болуу боюнча атайын лекциялар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган семинар буга чейин Россия, Белорусия, Украина жана КМШ өлкөлөрүндө жана 2000-жылдын башында Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн.