Жаңылыктар
Дача Су конушунун жашоочуларына гуманитардык жардам жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Дача Су конушунун жашоочуларына гуманитардык жардам жеткирилди

Учак кулап түшкөн Дача конушунун жашоочуларына кырсыкка кайдыгер карабаган атуулдар тарабынан топтолгон гуманитардык жардам жеткирилип берилди.  Жалпы 30 тоннага жакын жүк жергиликтүү комиссиянын колуна тапшырылды. Эми алар ич ара конушта жашагандардын бардыгына бөлүштүрүлөт.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев конуш элине жолугуп ал жайынан кабар алды. Бир катар маселелер козголуп, аларды чечүү тапшырмасы берилди. Ушул күндө учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү максатында ачылган банктык эсепке чогулган каражаттын көлөмү 90 миллион сомдон ашкан. Кыргызстан кырсыктын кесепетин жоюуга 195 миллион сом сарптаганын жазып, түрк авиакомпаниясына кат жолдогон. Топтолгон каражат түрк тараптан жооп келген соң калыс таратылмакчы.

Буга чейин каза болгон үй-бүлө жакындарына жардам көрсөтүлгөн, эми калган бөлүгү айыл тургундарына жапырт таратылат. Ар бир көчө өкүл шайлап, комиссия куралган. Жүктү калыс таратуу алардын мойнундагы милдет. Келген жүк 250дөн ашуун түтүнгө таратылат. Биринчи вице-премьер-министр бөтөн бирөөнүн кайгысынан акча жасагысы келип, компенсация алуу үчүн юридикалык кызмат көрсөтөм дегендерден алыс болууга чакырды. Абулгазиев бийлик өзү жактоочу болуп, баары калыс чечилерин белгиледи. Конуш эли болсо жардамга кол сунган калайык калкка ыраазычылыгын билдирди. 

Ошондой эле, комиссия төрагасы Жакшылык Шералиев жашаган үйгө барды. Жакындары менен сүйлөшүп жатып Мухамметкалый Абулгазиев мамлекет тарабынан керек болгон бардык жардам берилерин баса белгиледи. Өз кезегинде Жакшылыктын чоң атасы ушул күнгө чейин ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан бардык кыргызстандыктар менен өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди.