Жаңылыктар
Коопсуз "Бозымчак"
Экономика
Коопсуз "Бозымчак"

"Бозымчак" долбоору өлкөнүн түштүгүндө жайылтылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун бири. Долбоорду жайылтууга Каз минералз Бозымчак компаниясы 432 миллион доллардан ашык каражат салды. Башталышында ишкана Казакмыс Голд Кыргызстан аталышы менен баштап, эки жыл мурда атын өзгөрткөн.  Жалал-Абад облусундагы Бозымчак кенинде минден ашык жумушчу иштейт. Жумушчулардын 95% кыргызстандын жарандары, 40 пайызы жергиликтүү Көк-Таш жана Көк-Серек айыл өкмөтүнүн тургандары.

Фабрикада баалуу рудаларды майдалоо жумуштары үч этапта жүрөт, ири, орточо жана майда. Жылына миллион тонна кен байлыктарды казууга өндүрүштүн мүмкүнчүлүгү жетет. Аябай чоң жумушта жыйырмадан ашык киши иштейт. Адамдын кара күч жумушу болушунча жеңилдетилип, бардыгы автоматташтырылган. Жумушчулардын басымдуусу жергиликтүү тургундар.Пультта отурган Жумадил. Фабрика 2014-жылы салынып, ошол жылдан бери ушул жердеги башкы адамга айланган. Анын аракетинен өндүрүштөгү машина көз каранды.

Фабриканын башкы корпусунда кенди байытуудагы бардык иш-чаралар өтөт.  Өндүрүштө ден соолукка зыян келтирчү цинаид колдонулбайт. Жыйынтыгында мындай концентрант пайда болот. Капка салынып андан ары Балкаштагы комбинатка жиберилет. Бул болсо тазалоочу цех. Мында кайрадан тазаланып суудан бөлүнөт. Кургатылган калдыктар атайын жайга жиберилет. Кайра иштетилген материалдын нымдуулугу 14%. Кургатылган калдыкты көмүү дагы уникалдуу. Мындай ыкма азырынча КМШда жок. Өндүрүш жумуштары бүткөн маалда аймакты рекультивациялоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жасалат.