Жаңылыктар
Ысык-Көл: инвестиция тартуу боюнча талкуу
Экономика
Ысык-Көл: инвестиция тартуу боюнча талкуу

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында инвестицияларды тартуу боюнча талкуу болду. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ишкерлер катышты. Иш-чара бизнести жана бийлик структураларын бир максатка бириктирүү үчүн уюштурулган. Форумдун катышуучулары көйгөйлүү маселелерди чечүүдө бирдиктүү жол картасын иштеп чыгууну да сунушташты.  Кыргызстанда өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк, шарты бар шаар, айылдар көп. Алардын арасында Каракол шаарын айтсак болот. Бирок, жергиликтүү бийлик менен жашоочулар өнүгүүгө түрткү берип, колдон, буттан алып жетелеп кете турган мүмкүнчүлүктөрдү издешүүдө. Эң эле биринчи көйгөй каражат маселесине такалат. Уюштуруучулардын айтымында ушул сыяктуу бизнес-форумдар бир кадам болсо да, өнүгүүгө карай жол ачат.

Инвестиция тартуу үчүн эң башкысы кичи жана орто бизнести колдоп, кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүкерек болуп турат. Бул бир чети кошумча жумушчу орундарын түзсө, экинчи бир жагынан бюджетке да көбүрөөк каражат алып келет.  Бизнес-форумда Караколдун экономикалык абалы боюнча кеңири талкуу болду. Айрыкча, туризм секторуна басым жасалды. Анткени, Каракол шаары үчүн туризм секторунун өнүгүшү абдан маанилүү дешет серепчилер. Бирок, алгач аткарыла турган кадамдарды мерчемдеп алуу зарыл.
Мында чогулгандар бул сыяктуу бизнес-форумдарды көбүрөөк өткөрүү зарыл экендигин белгилешти. Өнүгүүнүн бирдиктүү “жол картасы” иштелип чыкса эле, инвестиция тартып келүү жеңилдемек дешет катышуучулар.