Жаңылыктар
Кыргызстанга Кытайдан кирген товарлардын салмагы талашка түштү
Экономика
Кыргызстанга Кытайдан кирген товарлардын салмагы талашка түштү

Кыргызстанга Кытайдан кирген товарлардын салмагы талашка түштү. Буга чейин ортодогу айырма тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн болчу. Кирген товарлардын көлөмү тууралуу эки өлкөнүн бажы кызматтары берген маалыматтар эки түрдүү чыгып келе жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары дагы маселе көтөрүшкөн. 

Деңиз деңгээлинен 4 миң метрдей бийиктик, ит өлчү кычыраган суук. Мына ушундай катаал шартта бажы кызматкерлери импорттолуп келген жүктөрдү көзөмөлдөп иш алып барууда. Бул жерде кыймыл-аракеттин бардыгы видеого түшүп, байкоо жүргүзүлөт. Жалпы 19 камера үзгүлтүксүз иштейт. Кыргызстан аймагына өткөн жүк ташуучу унааны чек арачы текшерип, анан ичкери карай жылат. Бажы пунктунан жүктүн кагаздары такталып, таразага тартылат. Дал ушул жерде товарлардын эсебин чыгаруу ыкмалары бөлөк болгондуктан, маалыматтар түрдүү чыгат.

Адистердин айтымында, кытайлар товарын биринчи эле чыккан өлкөгө экспорттолду деп эсептешет, кыргыз тарап транзит аркылуу башка өлкөлөргө кетүүчү товарды импорт деп эсептебейт. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанга Кытайдан кирген товарлардын салмагы тууралуу эки тараптын маалыматтары дал келет. Айдоочулар жайы-кышы дебей жүк тартып пайда көрөт. Жол азабын тарткан унаа ээлери Кытайдан товар ташуу оңой-олтоң иш эмес деп билдирди.Келген жүктү көмүскө өткөрүп жиберүүгө дагы мүмкүн эмес. Анткени Торугарт пунктунда жана жолду катар көзөмөл кылчу органдар иш алып барат. Товарларды кымырып албаш үчүн Кытайдан номуру менен пломба басылат.  Кыргызстандын Кытай менен соода алкасы бекем, былтыр 2015-жылга салыштырмалуу коңшу өлкөдөн кирген импорттун көлөмү 42 пайызга өскөн.