Жаңылыктар
Японияда кышкы Азия оюндарынын ачылышы болду
Спорт
Японияда кышкы Азия оюндарынын ачылышы болду

Жапониянын Сапорро шаарында 19-февралда VIII кышкы Азия оюндары салтанаттуу ачылды. "Сапорро Доум" стадионундагы анын ачылыш салтанатына Кыргызстандын дагы спорттук делегациясы катышты. Оюндарда Кыргызстан хоккей, муз үстүндө ойноо, биатлон жана тоо лыжасы боюнча күч сынашат.

Кышкы азия оюндары - Азиянын олимпиада кенеши тарабынан өткөрүлө турган эл аралык мультиспорттук мелдештердин бири. Бул уюм эл аралык олимпиада комитети тарабынан таанылган, Улуттук олимпиада комитетинин беш континент аралык ассоциациясынын бири. Ал Азия өлкөлөрү боюнча Олимпиадалык кыймылды жетектеп, азыркы учурда 45 мамлекетти бириктирип турат. 

Салатанаттуу иш чара 50 миңден ашык орундукту ээлеген “Сапорро Доум” стадионунда өттү. Кыргызстандын спорт делегация 10 номурун алып жана ачылыш аземге катышып жаткандардын арасынан саны боюнча эң көбү болду. Кыргызстандын желегин парадда хоккейчи Элзар Болотбеков көтөрүп чыкты. Оюнда эң эле күчтүү деп эсептелген командалар үчөө - Кытай, Корея жана Жапония. Жалпы мелдешке 32 команда катышууда. Спорт делегацияларынын улуттук желектер менен өтүүсүнөн кийин команда мүчөлөрүнүн бардыгы көрүүчүлөрдүн жанындагы трибунадан орун алышты. Андан соң көрүүчүлөр үчүн даярдалган кызыктуу музыкалык шоу көрсөтүлдү. 

Эске салсак мелдеш спорттун 11 түрү боюнча өтүүдө. Биатлон, тоо лыжа спорту, керлинг, ат чабыш спорту, лыжа жарышы, лыжа менен трамплинден секирүү, сноуборд, мүз үстүндө бийлөө, фристайл, хоккей жана шорт-трек. Салтанаттуу ачылыштан бир күн мурда, 18-февралда биздин хоккеисттер Кувейттин курама командасын 5:0 эсебинде утту. 21-февралда улуттук курама Филиппиндер менен ойнойт. Лыжачылар, муз үстүндөгү бийчилер жана биатлончулар мелдешин 22-февралда башташат.