Жаңылыктар
Бүгүн 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү
Маданият
Бүгүн 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү

Бул күндү утурлап Бишкектеги  жогорку окуу жайларында майрам шаңы өзгөчө шаң-салтанат менен уланып келет. 

Дүйнөлүк атагы бар хирург, Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөн Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында 31 улуттун өкүлү билим алууда. Эне тилдин эл аралык  майрамында студенттер, кыргыз рухунун туу чокусу –деп, Чыңгыз  Айтматов атаган, “Манас” эпосу, комуз күүсү менен башталып, өзбек, азербайжан, түркүн элдин тилинде ыр-бийлер аткарылып  жатты. Алардын бири Казакстандан келген, 2-курстун студенти өз эне тилинде ырдаган соң сөзгө тарттык.  

Эл аралык эне тил майрамы балдар бакчалары, мектеп, жогорку окуу жайларында түрдүү элдин тилинде сөз сүйлөнүп, ыр-бийлер аткарылып,  улуттук кийими, салт-санаасын көрсөтүү менен өзгөчо шаңдуу болууда.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио”