Жаңылыктар
Франция: бүгүн II Дүйнөлүк согуш учурунда курман болгондорду эскерүү күнү
Дүйнө
Франция: бүгүн II Дүйнөлүк согуш учурунда курман болгондорду эскерүү күнү

Бүгүн Францияда эркиндиги үчүн II Дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкөн кыймылдын чет элдик мүчөлөрү  курман болгондордун  эскерүү күнү.

Эмне үчүн "Биринчи радио" француз каршылык кыймылына кайрылып жатат деген суроо жаралат? Анткени кыргыздар жергиликтүү патриоттор, испан, немис  антифашисттери жана башка туткундан качып чыккан советтик аскерлер менен биргеликте Францияны Гитлердин желдеттеринен  бошотконго катышкан.Өкүнүчтүүсү азыркы күнгө чейин алардын эрдиги жөнүндө коомчулугубуздун көпчүлүгү билбейт.

Фашисттик Германия 1939-жылы  дүйнөлүк экинчи согушту баштап, 1940-жылы 22-июнда Францияны немис аскерлери басып алган. Ал эми Лондондо генерал Шарль де Голль Би-Би-Си радиостанциясы аркылуу мекендештерине Франция каршылыгы атындагы кыймылды  түзүп, душмандарга каршы баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып согушканга  чакырык таштаган.

Мындан сырткары генерал Шарль де Голль "Согушуп жаткан Франция" атындагы уюмдун башчылыгына шайланат. Франциянын патриоттору менен чет элдик  партизандар 4 жыл бою фашисттик Германияга айыгышкан күрөш жүргүздү.  

Француз патриоттору  немис баскынчыларына каршы жашыруун уюмдар жана макизар атындагы партизандык отряддарды  түздү. Мак деген ат француз тилинен "бадал" деп которулат. 

Алар баск улутунун беретка баш кийимин кийчү. Макизарлар бул береткадан бири-бирин таанычу. Француз партизандардын катарында ар түрдүү көз караштагы   жарандар болгон. 

Мисалы коммунистер, анархистер, монархияны жактагандар, солчул республикачылар, баск улутчулдары жана испан менен немис антифашистери. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Замира Нусубалиева, "Биринчи радио"



Досой Кадыров, аялы француз кызы

Өмүр Жекишев, француз партизандарынын катарында согушкан. Төмөндө анын документи жана согуш маалында жазган дептери.


Ишен Тойчубеков, француздук партизандардын катарында гитлерчилерге каршы согушкан.