Жаңылыктар
Өлкөдө бюджеттик каражаттарды чыгымдоо кандай көзөмөлдөнөт?
Экономика
Өлкөдө бюджеттик каражаттарды чыгымдоо кандай көзөмөлдөнөт?

Экономикалык маалыматтарды чагылдырган Tazabek порталы Кыргызстанда командировкалык чыгымдарды көп короткон министрликтер, мамлекеттик ишканалардын рейтингин жарыялады. 65 мекеме камтылган тизмени Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги баштап барат.

“Ачык бюджет” порталы жарыялаган маалыматтарга ылайык командировкалык чыгымга транспорттук, мейманкана жана сутка ичинде тамакка керектелүүчү каражаттар киргизилген. Анда өткөн жылда командировкалык чыгымга каражаттарды сарптоодо дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги биринчи орунга чыкты. Ал эми административдик башкаруу боюнча жергиликтүү органдар, илим билим министрлиги, тышкы иштер жана саламаттыкты сактоо министрликтери алдыңкы бештикти толуктаган. Кыргызстанда бардыгы мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тендердин негизинде жүргүзүлө баштаган. Мында алынуучу буюмдар жана ага бөлүнгөн каражат ачык жазылат.

Коомчулукта мамлекеттик органдардын сатып алуу саясатына нааразычылык айтылган учурлар көп эле кездешти. Маселен өз убагында Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы жаңы чакырылыштагы депутаттарга 2 миллион 600 миң сомго 120 кресло сатып алуу үчүн конкурс жарыялаганы коомчулуктун катуу сынына кабылып, ал турсун, Парламент бул кадамынан баш тарткан учур болгон.

Кыргызстанда бюджеттик каражаттар мыйзамдуу чыгымдалабы? Ал  эффективдүү көзөмөлдөнөт деп ишенимдүү айтууга болобу? Бул суроолорго ким так кесе жооп айта алат?

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"