Жаңылыктар
Быйыл кант кызылчасы менен пахтанын аянты көбөйтүлөт
Айыл чарба
Быйыл кант кызылчасы менен пахтанын аянты көбөйтүлөт

Быйыл буудай аз себилип, кант кызылчасы менен пахтанын аянты көбөйтүлөт. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин билдирүүсү боюнча дүйнөлүк базарда пахтанын баасы кымбаттоодо. Мындан сырткары Кара-Балта шаарына текстиль заводу дагы курулган.

Нурбек Мурашев ички жана сырткы суроо талапты эске алуу менен быйыл күрүчтүн дагы аянтын 10 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады. Ошондой эле өзгөчө Ысык-Көл, Баткен облустарында пайдаланылбай калган жерлерди тамчылатып сугарууга өткөрүү пландалууда.

Эске салсак, Өкмөт учурда жазгы талаа жумуштарына карата 80 пайызга даяр экенин билдирүүдө.