Жаңылыктар
Кар көчкү дагы бир адам өмүрүн алды
Кырсык
Кар көчкү дагы бир адам өмүрүн алды

Ат-Башы районундагы Таттыбек кыштоосунда түшкөн көчкү 18 жаштагы баланы басып калды. 

Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Кырсык кечээ түш ченде болгон. 

Бала көчкү алдында калгандыгын элге анын досу айтып, издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү 75 киши келген. 

Баланын сөөгү түнкү саат бир жарымда табылып, туугандарына өткөрүп берилген.