Жаңылыктар
Режиссер Г. Базаровдун “Альтернатива” телекөрсөтүүсүнө 22 жыл
Маданият
Режиссер Г. Базаровдун “Альтернатива” телекөрсөтүүсүнө 22 жыл

Быйыл Геннадий Базаровдун “Альтернатива” автордук телекөрсөтүүсүнө 22 жыл болот. Ар бир чыгарылыш искусство адамдарына: актёр, режиссёр, драматург, коомдук ишмер жана башкаларга арналган. Каармандарынын чыгармачылыгы тууралуу ой жүгүртүү менен автор алардын ички сезимдерин ачык маектер аркылуу көрүүчүлөргө жеткирет. Аны менен бирге Базаров руханий баалуулуктар жана нравалык тазалыкты сактоо күнүмдүк нерселерден маанилүү экенин жеткирет.

"Альтернатива" телекөрсөтүүсүнө көп деле декорациянын зарылдыгы жок. Бир камера, прожектор жана кичинекей үстөл. Студияны ашыкча кооздоонун деле кереги жок, көрүүчүнүн көңүлүн анын маңызы бурат. "Альтернатива" берүүсүнүн биринчи чыгарылышы 22 жыл мурун, башкача айтканда суверендүүлүктүн башында чыккан. Андан бери көрсөтүү актуалдуулугун жоготпой, тескерисинче интеллектуалдуу катмардын жүрөгүнөн орун алган.
"“Альтерантива” деп атаганыбыздын себеби, ошол кезде Союз урап, элдер аябай кыйналып жашаган. Көпчүлүк руханий байлык, адамгерчилик чындык деген категорияларды унутуп калган. Мен ошол аталыш жана ошол көрсөтүү менен бул жаман көрүнүштөргө ар дайым альтернатива бар деп айткым келген. А руханий байлыкты ким сактап келген, албетте искусство адамдары, актер режиссер, сүрөтчү, философ жана башкалар",- деди “Альтернатива” көрсөтүүсүнүн автору Геннадий Базаров.
Көрсөтүүгө Чыңгыз Айтматов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Күлүйпа Кондучалова, чыгаан актерлер ,атактуу опера аткаруучулар, коомдук ишмерлер жана ондогон башка инсандар тартылган. Автордун каармандарына болгон чыныгы кызыгуусу аларды маек учурунда жан дилинде болгон ойлорун айтууга үндөйт эле. Жыйынтыгында көрүүчү белгилүү инсанды башка жагынан билчү. Бул чыгарылыш философия илимдеринин доктору психолог Арон Брудныйга арналган.
“Альтернативанын” автору журналист же публицист эмес, кинорежиссер жана сүрөтчү. Анын болуп жаткан көрүнүштөргө көз карашы башкача. Андыктан альтернативада тартылган каармандар кээде өздөрүн тааныбай калган учурлар болгон.

“Мени көрсөтүүгө чакырганда мен өзүмдү ушул передачага татыктуумунбу деп суроо бергем. Геннадий Базаров менин жетишкедиктерим тууралуу ушундай кооз башкача сөздөр менен айткан. Мен ошондо өзүмдүн көп жакшы жактарымды билип, колуман көп нерсе келээрине ишендим”,- дейт билдирди  Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова.
Кээде “Альтернативада” коомдук-саясий окуяларга да баа берилчү. Геннадий Базаров эки революция, Ош окуялары жөнүндө айтпай кое алган жок. Өзүнүн көрсөтүүлөрүндө автор эски көз караштардан, улутчулдук, ксенофобия жана башка жаман көрүнүштөрдөн алыс болуп, таза жүрүп жана элге чын дили менен кызмат кылууга чакырат.