Жаңылыктар
Көгүлтүр оттун акчасын жылдап төлөбөгөндөр бар
Кыргызстан жаңылыктары
Көгүлтүр оттун акчасын жылдап төлөбөгөндөр бар

Бир аптадан бери Газ башкармалыгы эл аралап, көгүлтүр от үчүн акча төлөбөгөн абоненттерге газ берүүнү токтотуп, трубаларын кесүүдө. Алардын арасында 100 миң сомдоп карызын төлөбөгөн жарандар дагы бар. 

Рейд учурунда көгүлтүр отту жасалма жол менен уурдап киргизип алгандар жана  карызы бир жылдан ашык убакытка чейин созулуп кеткен абоненттер дагы кездешүүдө. Газ башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, күн жылыгандан тартып, мындай абоненттерга каршы чара көрүү иши күчөгөнү жатат.