Мамлекеттик кепилдик фонду иш баштаган төрт ай убакыт ичинде жалпы 11 миллион сомго бааланган 16 кепилдик берди. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди. Акыркы жылдары ата мекендик бизнести колдоо жана өнүктүрүү жаатында бир катар реформалар жүргүзүлүп, жаңы механизмдер киргизилүүдө. Анын бири Кепилдик фондусун түзүү демилгеси.
Ишкерлигин өнүктүрөм деген ар бир экинчи жаран түрдүү кыйынчылыктарга кабылат. Бүгүнкү күндө негизги маселе насыя алууда коюлчу күрөөнүн жетишсиздиги. Ишкерлердин арыздарынын 40-50 пайызга жакынын коммерциялык банктар күрөө камсыздоосунун жетишсиздигинен артка кайтарууда. Өзгөчө кыйын кырдаал аймактарда.
Фонд 1-мартка чейин кепилдикти насыянын жалпы суммасына 1,5 пайыздан берет. Ал эми 1-марттан тартып 2,5 пайыздан. Колдоо үчүн келечектүү тармактар катары айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, эт, сүт тармагы, балык чарбачылыгы, тигүү жана текстиль өндүрүшү, курулуш материалдары, туризмди өнүктүрүү жана медициналык, транспорт-логистикалык кызматтарды көрсөтүү тандалып алынды. Мындан сырткары Кепилдик фондунун мүмкүнчүлүктөрүн өкмөттүн экспорт, импорт программасы боюнча тармактарга пайдалануу каралууда.
Аны менен катар ишкерликти жаңы баштагандарды каржылоо пландалууда. Бул аракет бизнесмендерге көбүрөөк колдоо болуш үчүн жасалууда. Мындан сырткары өкмөт ишкерлерге кеңеш берүү маселесин колго алганы жатат.
Инфраструктуралык, социалдык жана аймактык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы бар. Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул программаны ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда бардык шарттар бар: укуктук база, мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам. Аны ишке киргизүү үчүн атайын программа бекитилип, жол картасы кабыл алынган.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын активдештирүү зарылчылыгы тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да бир нече ирет айткан. Мыйзам боюнча берилген жеңилдиктер айрыкча жеке секторду өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт. Маселен кичи ГЭСтерди куруу, шаарларда өзгөчө муниципалдык кызматтарды көрсөтүү, саламаттыкты сактоо жаатында долбоорлор, билим берүү жана социалдык көмөк көрсөтүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк өлкөдө кеңири жайылышы керек, анткени ири долбоорлорду ишке ашыруу менен мамлекет дагы, жеке сектор дагы андан бирдей пайда көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү чоң.