Жаңылыктар
Орусия - Кыргызстан: келечекке карай багыт
Экономика
Орусия - Кыргызстан: келечекке карай багыт


Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эмгек миграциясы, экспорт, товар алмашуу, коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык жактан көп профилдүү кызматташуу багыттары. Бул тууралуу "Орусия - Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк" деп аталган эл аралык конференцияда сөз болду. Жыйынга вице-премьер-министр Олег Панкратов, Россия Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана түрдүү чөйрөдөгү серепчилер катышты. Быйыл болсо 20-мартта Кыргызстан- Россия дипломатиялык мамилелери калыпка салынганына 25 жыл толот. 

Бул жолугушууну кыргыз-орус кызматташтыгынын күзгүсү деп койсок да болот. Жыйында талкуулануучу жана чечиле турган маселелер көп болду. Анткени, Кыргызстан менен Орусия дээрлик бардык тармакта кызматташат. Форумда эки өлкөнүн өкүлдөрү стратегиялык пландарды түзүшүп, конкреттүү багыттарды аныкташты. 
Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы абдан маанилүү. Бир эле мисал, кыргыз-орус өнүктүрүү фондун айтсак болот. Фонддун капиталы 500 миллион долларды түзүп, учурда 667 долбоорду каржылоого жетишкен. Ал эми 2009 -жылдан 2016-жылга чейин орус тарап Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн 375 миллион доллар каражат бөлгөн.
Аскердик-техникалык кызматташтыкка өзгөчө маани берилди. Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш катары ОДКБ жана ШОС сыяктуу уюмдардын мүчөлүгүндө турат. Андан сырткары, эки өлкө эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы биргеликте иш алып барууда. Кыргыз-орус аскерлери машыгууларды өткөрүп, атайын кызматтар да тыгыз байланышта. Кыргызстандын ЕАЭБке кириши менен эмгек мигранттарынан келген акча көбөйгөнү форумда айтылды. Мындан сырткары, Россияда иштеген мекендештер квалификациялык орундарда эмгектенип калганы да белгиленди. Россиядагы кыргызстандык мигранттар которгон каражаттын көлөмү да күндөн-күнгө өсүүдө. Тилекке каршы “кара тизме” деген бар. Вице-премьер Олег Панкратов Россия парламентинин өкүлдөрүнөн “кара тизмедеги” кыргызстандыктардын санын кыскартууну өтүндү. 
Эки өлкөнүн кызматташуусунда мындай форумдар абдан маанилүү дешет катышуучулар. Стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү келечектеги кызматташуу багыттарын аныктап алган соң, жакын арада Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөөрүн да белгилешти.