Жаңылыктар
Товар жүгүртүүнү жогорулата турган логистикалык борборлор курулат
Экономика
Товар жүгүртүүнү жогорулата турган логистикалык борборлор курулат

Эл аралык компаниялар Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин базарына толук кандуу чыгышына көмөктөшөт. 2017-жылы дүйнөнүн 200 ашык өлкөсүнө туташкан жеке транспорттук-логистикалык компания республикадагы жети дубанга филиал ачууну көздөп жатат. Учурда андай борборлор Бишкек менен Ош шаарында иштеп жатат. Кыргызстан ЕАЭБ киргенден тарта товар жүгүртүүнү  жогорулата турган логистикалык борборлорго суроо-талап жаралды. Анткени дыйкан фермерлер жер иштетип түшүм алганы менен айрымдары баасын чыгарып сата албай калган учурлар бар. Ал эми өкмөт 2 эл аралык жана 7 аймактык логистикалык борбор ачуунун үстүндө иштеп жатат.
ЕАЭБ мүчө болгон Кыргызстан маанилүү стратегиялык базарга айланды. Бирок өлкөдө эл аралык талапка шайкеш келчү товар жүгүртүүчү борборлор иштей элек. Бул маселени чечүүгө жеке тарап, ири компаниялар дагы тартылган. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин пикиринде, жеке өнөктөштөр логистика борбору боюнча жаралган суроолорду жөнгө салууга жөлөк таяк болот. Компания азырынча логистикалык оператор,келечекте аймактарга кампа куруп, шарт түзүүнү пландап жатат. Иштин баары өз каражатына жасалат. Кызыкдар тарап товарларды өлкө ичине жана дүйнөнүн чар тарабына, 218 өлкөгө жүгүртүү менен алектенмекчи. Мындай иштерди аткарууга мамлекеттин казынасына миллиондогон сом чыгым сарпталмак.

Адистердин айтымында, мамлекет менен ири эл аралык компаниялардын кызматташканы жемишин берет. Өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын сыртка чыгышына түркү болот. Кыргызстанда жалпы 14 логистикалык борбор ачылышы күтүлүүдө. Жеке тарап менен мамлекет ортосунда атаандаштык күч алса, ортодо товар жүгүртүүнүн баасы төмөндөйт.