Жаңылыктар
Ош облусунда айдоо аянттары кеңейтилет
Айыл чарба
Ош облусунда айдоо аянттары кеңейтилет

Ош облусунда быйыл айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн аянты 5 миң гектарга кеңейтилет. Мунун ичинен 7900 гектар жер аянтына пахта өсүмдүгү эгилет. Калган айдоо аянттарына күрүч, тамеки жана кылкандуу дан эгиндери себилет. Бул туурасында 21-февралда өткөн 2017-жылга карата жазгы талаа иштерине даярдыктар туурасындагы облусттук коллегияда айтылды. Башкы максат: аймактан өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин базарына алып чыгуу. Канал, арыктарды тазалоо менен ар кандай сел, суу ташкындарынын алдын алуу чараларын жүргүзүү. Жазгы эгип , себүү иштерине техникалардын 85 пайызы даяр экендиги айтылды. Айыл-чарба шаймандарынын саны облус боюнча жалпы 3600дөн ашат. Жазгы талаа жумуштарын өз мөөнөтүндө аткарууну көзөмөлдөөгө облусттук координациялык топ түзүлдү.

"ЕАЭБдин базарларына биздин продукцияларды экспорттоодо ошол продукциялардын сапатына өзгөчө басым жасалат. Аймактагы заманбап лабораториянын ачылуусу биздин аймактын продукцияларын Кытай, Түркия, Казакстан жана башка мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк берет",- деп билдирди Аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мөнөкбай Раимбердиев.