Жаңылыктар
Азербайжандын президенти жубайын биринчи вице-президенти кылып дайындады
Саясат
Азербайжандын президенти жубайын биринчи вице-президенти кылып дайындады

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындады. ММКларга чыккан маалыматта ал өлкөнүн башчысы буйрукка шейшемби күнү кол койгону айтылган. Ал буга чейин Гейдар Алиев атындагы фонддун президенти жана мажилистин депутаты эле. 

Ал эми өткөн айда Тажик президенти Эмомали Рахмон уулун Дүйшөмбү шаарына мэр кылып дайындаганы чоң талкууну жараткан. Мындай көрүнүш Кыргызстандыктардын түшүнө да кирбейт дейт талдоочулар. Башынан 2 революцияны  өткөргөн кыргыз эли, үй бүлөлүк башкаруу режимин эчак эле башынан өткөргөн. Атүгүл Батыш Кыргызстанды “демократиянын Орто Азиядагы аралчасы” деп атап келет. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"