Жаңылыктар
ЖКнын депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ЖКнын депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Төрага Чыныбай Турсунбеков Чүй облусун кыдырды. “Кайыңды-Кант” заводунун жетекчилигине нааразы болгон дыйкандар төрагага арызданып, кызылчанын баасы, урук маселесине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнү өтүнүштү. Быйыл кант кызылчасы көп өндүрүлгөндүктөн, аларды иштетүүдө маселе жаралууда. Турсунбеков бул багытта тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилээрин убада кылды. 

Буга чейин кант кызылчасы аз өндүрүлдү, түшүм жетишсиз деген көйгөйлөр айтылып келсе, эми тескерисинче кызылчанын көптүгүнөн маселе жаралууда. 450 миң тоннаны иштетүүгө ылайыкталган завод, быйыл 730 миң тоннаны кабыл алган. Кызылчанын чирип кетишинен чоочулаган ишкана жетекчилиги аларды өздөрү алган баадан арзан  наркта Казакстанга сатканга аргасыз болду. Эми бир катар талаптардын коюлушу дыйкандардын нааразычылыгын жаратууда. Алар ишканага келген Жогорку Кеңештин төрагасына арызданышты.

Адатта Кыргызстанда өстүрүлгөн кызылчаны Казакстандын ишканасы сатып албайт. Дал ушул себептен улам дыйкандардын соодалашуусу жалгыз заводго байланып жатат. Жогорку Кеңештин төрагасы жергиликтүү тургундарды  кызылчага байланыштуу маселелер парламенттин көзөмөлүндө болооруна ишендирди.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"