Эртең, 23-февралда Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленелет. Мурда Советтик Армия жана Флот күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталган.
1889-жылы кыргыздын туңгуч офицерлердин бири Сулайман Күчүков Ош уездинин Алай-Гүлчө болуштугунда жарык дүйнөгө келген. Ал Ташкенттин базарына атасын ээрчип келип, көчөдө адашып калат. Ошентип Сулайман аргасыздан көчө турмушунда күн кечирет. Буга карабастан Сулайман турмуштун оор сыноосуна туруштук берген. Жердешибиздин зиректигин байкап, 10 жашында башкыр улутундагы көпөс Юнус Кусуков же кыргызчага которгондо Күчүков асырап алат да, Башкырстанга чогуу алып кетет. Дал ушул себептен, башкыр эли Сулайманды башкыр уулу катары санаган. Бул көпөстүн баласы жок эле. Ошондуктан Юнус Сулайманга өз фамилиясын берип ,тарбиялайт. Биздин каарманыбыз бойго жеткенде, экинчи атасы Оренбург шаарындагы атактуу Неплюев атындагы аскер окуу жайына киргизет. Сулайман ушул окуу жайында чет элдик тилин үйрөнгөнгө , тактика жана стратегия сабактарын туралуу терең окуганга умтулат. Ал 1909-жылы жогоруда сөз болгон окуу жайды ийгиликтүү аяктайт.
Ага подпоручик наамы берилет. Эске сала кетсек, Россиянын падышалары Орто Азиянын калкы көтөрүлүш чыгарат деп кооптонуп, аларга курал бергенден корккон. Дал ушул себептен орус өкүмдарлары Орто Азия элинин өкүлдөрүн армияга кабыл алчу эмес. Сулайман кыргыздын кедей –кембагал катмарынан чыккан биринчи аскер кызматкери. Ошол эле учурда ал орус бийлигине баш ийген Түркстандын туңгуч офицерлеринин бири десек болот. 1909 – 1914-жылдары Күчүковдун өмүр баяны жөнүндө маалымат абдан аз. 1914-жылы Сулайман поручик наамын алат. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда Күчүков биринчи Түркстан аткычтар дивизиясынын атчандар тобун жетектейт. 1915 –жылы 25- апрелде Сулайман эрдиги үчүн IV класстагы “Ыйык Георгий “ атындагы медал менен сыйланат.
Белгилей кетсек орус армиясында бул орден өзгөчө эрдиги менен айырмаланган офицерлер гана сыйланган. Ошол эле жылы Күчүковго штаб-капитаны наамы берилет. Андан тышкары жердешибизди Улуу Британиянын падышасы Георг V Россиядагы элчиси Англиянын эң жогорку денгээлдеги “Викториянын Крест” атындагы ордени менен сыйлайт. Эмне үчүн теги кыргыз, башкыр калктын арасында өскөн, карапайым орус офицерин Бириккен падышачылыгынын өкүмдары жогоруда сөз болгон жогорку деңгээлдеги ордени менен кайсы эрдиги үчүн сыйлады деген суроо жаралат.
Аны кененирээк аудиодон укса болот.
Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Сүймөнкул Идирисов.