Ак-Суу жана Түп району боюнча аңчылык департаментинин өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар акыркы эки жума ичинде он карышкырды жок кылышты. Жырткычтар алыскы Сырт өрөөнүндөгү жайыттардан жана кыштоолордон атылган. Демилгени жергиликтүү калк көтөрүп, аңчылардын колдоосун тапкан.
"Бул атылып келген карышкырлар эки өрөөндөн келди. Мына бул эки чоң карышкыр былтыр жаздан баштап ушул убакытка чейин жетимиш сексен топоз жеген. Ал эми калганы экинчи топ атып келген карышкырлар. Бирөөсү бул жерден эле атылды. Булар эми элге аябай эле зыян келтирген",- деди Ак-Суу райондук аңчылык департаментинин өкүлү Бактыбек Абдыбеков.
Белгилей кетсек, Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндөнү малчылар акыркы бир жылда эле карышкырдын кесепетинен 1 миллион сомдон ашык зыян тартышкан. Азыркы учурда аңчыларга бөлүнгөн каржаттын аздыгы, кардын калыңдыгы тоскоол . Мындан улам, ар бир айыл өкмөттөрүнө атайын кайрылып, карышкыр атууга атайын каражат бөлүп туруу сунушталат.