Бюджет эсебинен каржыланган курулуштар сапаттуу болушун өкмөт башчы бир топ жыйындарда баса белгилеген. Сапатсыз курган компаниялар катаал чаралар көрүлөөрүн билдирген. Мындай аракеттер аткарыла баштады десек болот.
Анткени Аксы райСыны айылындагы №3 Алишер Молдокеев атындагы орто мектеп 2000-жылы пайдаланууга берилген, бирок спорт залы жок курулган. Учурда 650 бала билим алууда.
Мектеп жамаатынын, айыл элинин суроо талабы менен мектеп жанына заңгыраган спорт зал өткөн жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген. Бирок көп өтпөй эле кыялын көрсөтө баштаган.Тактап айтканда,спорт залдын пол тактайлары кыймылдап, дубалдары карайып, нымдуулук пайда боло баштаган. Андан тышкары балдар чечинип кийинүүчү бөлмөлөрдөн да мүчүлүштүктөр байкала баштаган. Мындан улам айыл турундары тийиштүү адистер менен облус башчысына кайрылышкан.
Бирок кемчилдиктер негизги курулуштан эмес,эң жөнөкөй жерлеринен гана кетирилгенин куруучулар моюнга алып, өз каражатына оңдоп баштады. Болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат.
Ал эми Аксы районун Авлетим жана Кызыл-Туу айыл аймактарында да спорт залы, бардык шарты менен жаңы мектеп имараттары курулуп жатат. Курулуш иштери быйыл аяктап,пайдаланууга берилмекчи.
Спорт залы менен курулуп жаткан мектептердин дагы бири Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылындагы мына бул 150 орундуу мектеп. Учурда курулуш иштери 70 пайызга бүтүп калган. Азыркы тапта спорт залында темир тосмолорду ширетүү иштери жүрүүдө. Буга мамлекеттин чөнтөгүнөн 47 миллион сом каралган.
Ал эми Жалал-Абад облусунда жалпы 30дан ашык мектептин курлуш иштери жүрүүдө.Адистер алардын 25и быйыл бүткөрүлүп пайдалууга берилерин билдиришти.Мындай жаңыланууларды облус тургундары келечек муундардын татыктуу билим алышына жана өлкөнүн эртенки жаркын келечегине болгон татыктуу кадамдар дешет.