Учурда өкмөт мамлекеттик жеке-өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт катары кароодо. Экономика министрлигинин билдирүүсү боюнча бул механизм өлкө үчүн жеке сектор инвестицияларын тартууга жаңы курал болуп берет.
Эске салсак, Кыргызстанда мамлекеттик жеке-өнөктөштүк тууралуу мыйзам мындан 5 жыл мурда кабыл алынып, жыйырмадан ашуун долбоор демилгеленген. Бирок ушул күнгө чейин алардын бирөө дагы ишке ашкан эмес.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"