Жаңылыктар
Сотторду тандоого башка сунуштар түшүүдө
Саясат
Сотторду тандоого башка сунуштар түшүүдө

Сот тармагын реформалоонун алкагында судьяларды тандоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Буга багытталган мыйзам долбоору президенттин алдындагы соттук кеңештин кезектеги отурумунда талкууланды. Жаңы демилгеде соттор 2 тур менен тандалса дейт. 

Биринчи турда сотторду тандоо кеңеши талапкерлерди тесттен өткөрүп, маектешет. Экинчи айлампада судьялыкка ат салышкандар калп детекторунан өткөрүлүп, бул процесс массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып турушу керек. Мындан сырткары, мыйзамда соттордун жана алардын жакын туугандарынын уюлдук телефондорун жашыруун угуу, сот процессин видеотасмага түшүрүү сунушталды. Ошондой эле, судьяларды парламентке же президентке чакырып отчет алууга тыюу салуу нормалары киргизилген. Бирок, кеңештин айрым мүчөлөрү депутаттар тарабынан сунушталган мыйзам долбооруна каршы пикир билдиришти. Маселен кимдир бирөөнүн телефондук сүйлөшүүсүн угуу баш мыйзамга түздөн - түз каршы келерин белгилешти.