Кемин районундагы Орловка шаарчасынын тургундары калаадагы дизель майын чыгарган ишканага каршылыгын билдирүүдө. Шаар тургундарынын айтымында, ишканадан чыккан күйүүчү майдын жыты жана кара түтүн жергиликтүү тургундардын ден соолугуна кесепетин тийгизүүдө.
Ал эми ишкананын кожоюну дизель майын чыгаруу үчүн эксперимент жүргүзүлүп жатканын жана ишкана толук кандуу ишке кире электигин айтат.
Биздин чыгармачыл топ Орловкага барганда завод иштебей эле турган. Бирок күйүүчү майдын жыты айлана-чөйрөгө сиңип калганбы, айтор майдын жыты каңырсып турду. Жергиликтүү элдин айтымында, бул жыт ырыс-менен кешик, ишкананы иштетип баштаганда айлана-тегеректи кара түтүн каптап, газдын жытынан дем алуу мүмкүн болбой калат.