Жаңылыктар
Аксы районунда бала бакча муктаждыгы арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы районунда бала бакча муктаждыгы арбыды

 Акыркы кезде райондо калктын саны өсүп, бала бакчаларда орун тартыш. Абалды жөнгө салуу үчүн жеке менчикке өтүп кеткен бакчаларды кайтаруу колго алынды. Жардуу-Колот айылында бала бакча жок. Айла жок элеттиктер балдарын жай-кыш дебей коңшу айылдагы бакчага ташышат. Айыл арасы жол оңой эмес. Андыктан шарты бар ата-энелер гана балдарын жолго карабай ташып жатат. Көпчүлүк аргасыз үйдө карайт.

Дегени менен облуста өткөн жылдын эсебинен курулуш иштери башталган бала-бакчалар да жок эмес. Алар Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорунда курулуп жатат. Быйыл жалпы 4 балдар бакча бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.