Жаңылыктар
Өлкөнүн аймактарын кантип өнүктүрсө болот?
Экономика
Өлкөнүн аймактарын кантип өнүктүрсө болот?

 Бул маселени чечүү үчүн экономика министрлиги аймактарды өнүктүрүү саясатынын концепциясын иштеп чыгып премьер-министр Сооронбай Жээнбековго сунуштады. 

Концепция-аймактардын социалдык экономикалык абалын жакшыртып, калктын жашоо шартын жогорулатууга багытталат. Долбоор өлкөнү туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.

Аймактын жашоо-шартын жогорулатууга басым өнүгүү борбору деп аталган борборлорго жасалат. Ал үчүн географиялык абалына жараша, инфратүзүмдүн деңгээли эске алынып, республикадагы 20 шаар тандалып алынган. Мындай ыкма аркылуу топтолгон каражатты жайылтуу каралган. Шаарлардын өнүгүүсүнүн жыйынтыгында аймактар дагы таасири тиет.

Премьер-министр долбоорду бекитип, март айынын башына чейин алымча-кошумчаларды киргизүүнү жана жергиликтүү бийлик органдарына аймактарды өнүктүрүү программасын жоопкерчилик алууну тапшырды.