Жакын арада Бишкектеги бардык мектептерге видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай аракеттер окуучулар тарабынан ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Калаадагы 91 мектептин короосуна жана имараттын ичине камералар орнотулган. Учурда дагы үч мектепке видеокөзөмөл коюлуп баштады.