Жаңылыктар
В.Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келет
Саясат
В.Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келет

28-февраль күнү Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келет. 

Сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен Россия Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. 

Анда кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык багыттары , биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.