Табигаттын кырсыган жабыр тарткандар мамлекеттин камкордугуна алынат. Жабырлануучулар зарыл болгон жардамдар менен толук камсыздалынат.
Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Чоң-Алайдагы Жаш-Тилек айылына барганда билдирди.
Эл өкүлдөрү кырсыктан балдарынан ажыраган үй-бүлөлөргө көңүл айтып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жардам катары тапшырды.
Ушундай эле материалдык жардамды Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрү 19-февралдагы кар көчкүдөн каза тапкан Кара-Суу районунун Папан айылынын тургунунун жакындарына көрсөттү.
Ушу тапта кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.