Жаңылыктар
Кыргызстанда инвестициялык кырдаал жакшырууда
Экономика
Кыргызстанда инвестициялык кырдаал жакшырууда

Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу агенттигинин адистери  билдиришти.  Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанга көбүрөк инвестиция салууга Кытай, Орусия, Түркия мамлекеттери кызыктар болсо, эми Иран менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.  Айрыкча Кара-Кечеде ТЭЦ  жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорго кызыккан чет элдик инвесторлор бар.  

Кыргызстан ЕАЭБке жана Евробиримдиктин жеңилдетилген шарттарды берүү программасына кошулгандан бери инвесторлордун кызыгуусу артууда. Анткени биздин өндүрүүчүлөр товарларын бажы төлөмүсүз Европага жеткире алышат. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында 180 млн калкы бар базарга чыгууга жол ачылган. Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу агенттигинин  бөлүм башчысы Уран Чикирбаев, азыр айрыкча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аракети жүрүп жатканын айтат.

Бөтөн мамлекеттен келген инвесторлорго эң башкысы мамлекет коопсуздук маселесин чечип берүүсү зарылдыгын талдоочулар  белгилешет. Көп учурда аймактардын жашоочулары инвесторлорду кайрымдуулук кылган жарандар катары кабыл алгандары бар. Андыктан  инвестициялык климатты түзүүдө элдин түшүнүгүн дагы өзгөртүү зарыл дешет алар.