Жаңылыктар
Жоголгон балыкчылар изделүүдө
Кырсык
Жоголгон балыкчылар изделүүдө

Түп районунда балык кармаганы кетип дайынсыз жоголгон эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 23-февралда издөө иштерине 3 куткаруучу, 7 суучул, жергиликтүү тургундар, РИИБнин 1 кызматкери, 2 кайык тартылган. Бирок, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат. 

Белгилей кетсек, 30-январь күнү Күрмөнтү айылынын эки тургуну көлгө балык кармаганы барып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.