Жаңылыктар
28-февралда Россия президенти Кыргызстанга келет
Саясат
28-февралда Россия президенти Кыргызстанга келет

28-февралда Россия президенти Владимир Путин Бишкекке иш-сапар менен келет. Анда эки өлкөнүн алакасы, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы мамилелер жана коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланат. Путиндин визитин күзүндө өтчү президенттик шайлоого байланыштыргандар да бар. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул айтылгандарды четке кагып, Кыргызстандын келечектеги президентин эл өзү аныктаарын белгилеген эле. Өлкөнүн негизги өнөктөшү делген Орусия менен болгон алака ар жыл сайын бекемделип келатат. Эксперттердин баамында аны дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар. 

Быйыл Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 25 жыл толот. Бирок, эки тараптын байланышынын тарыхый башаты 18-кылымга таандык. Учурда Евразиялык экономикалык биримдиги, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өңдүү беделдүү бирикмелерге бирге мүчөлүк кылышат. Эки өлкө тарабынан түрдүү тармактарда кызматташтыкты арттыруу үчүн 200дөй келишимге кол коюлган. Алардын кыркка жакыны аскердик жана аскерий-техникалык докмументтер. Соңку учурларда Москва Бишкекке курал-жарактарды жөнөтүүдө. Экономика, коргонуу, саламаттык сактоо, билим берүү, айтор баардык багыттарда Орусия менен байланыш бар. Россиядагы кыргыз мигранттарынын көптүгү бул өлкө менен кызматташпай коюу мүмкүн эмес экенин айгинелеп турат. Дал ушул мигранттарга берилген жеңилдиктерди көпчүлүк эксперттер Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинен көргөн негизги пайдасы деп баалашат. Ал эми өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, биримдиктин шарттарына ыңгайлашуусу үчүн түзүлгөн “Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун” ишмердүүлүгүнө түрдүү баа берилип келатат. Россия карым-катышты эске алып, каражатын аяган жок. Бирок аны натыйжалуу пайдалануу маселеси бар. Бүгүнкү күнгө чейин фонд 202 миллион долларлык 667 долбоорду жактырды. Эксперттер каражат ишкерлерге канчалык эрте таратылса, өлкөгө ошончолук пайда алып келээрин белгилешет. 

Жакынкы күндөрү боло турган орус президентинин Бишкекке сапары эки өлкөнүн алакасын дагы бекемдейт деп ишеним арткандар арбын. Путиндин визитинин алкагында жогоруда эксперттер сөз кылган Евразия экономикалык биримдигине байланышкан маселелер, эки тараптуу экономикалык жана коопсуздукка байланыштуу да кызматташтык талкууланаары айтылды. Бирок, орус лидеринин сапарын саясатка байлагандар болбой койгон жок. Путин Кыргызстанда күзүндө өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу көрсөтмө берет деген кептер тарады. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бельгияда “Евроньюс” телеканалына курган маегинде бул айтылгандарды четке кагып, келечектеги президентти эл гана тандаарын белгилеген эле. Экономика илимдеринин доктору, талдоочу Жумакадыр Акенеев орус лидери ким шайланса да Москва менен кызматташаарына ишенет деген пикирде. Ал талкуулай турган маселелер экономика байланыштуу экенин айтат.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, Кыргызстандын Орусия менен товар жүгүртүүсү жалпы тышкы товар жүгүртүүнүн 20 пайызын түзөт. Ал эми алтын экспорттоону эске албаганда ал 40 пайызга чейин жетет.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"