Жаңылыктар
Казакстанда маанилүү саясий окуялар жүрүп жатат
Саясат
Казакстанда маанилүү саясий окуялар жүрүп жатат

Учурда боордош Казакстан мамлекетинде өтө маанилүү саясий окуя жүрүп жатат. Атап айтканда 26-январдан 26-февралга чейин Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү бүткүл элдик талкулоо белгиленген. 26-январ күнү негизги мыйзамдын долбоору ММК аркылуу жарык көргөн. Түзөтүүлөр мааниси жагынан өтө орчундуу экенин байкасак болот. Эгер учурдагы вариантынын 26-беренесинде менчик мүлккө Казакстандын жарандары ээ боло алат десе, жаңы редакциясында Казакстандын жарандары деген сөз алынып, анын ордуна ар ким деп жазылган.

Дагы бир түзөтүү 44-беренеге таандык. Учурда мамлекеттик программаларды бекитүү укугу Казакстандын президентине жүктөлгөн. Сунушталган вариантта президент бул жумушту өзүнөн алып өкмөткө жүктөөдө. Башкача айтканда эми өкмөт мамлекеттик программаларды өзү иштеп чыгып өзү бекитет. Борбордук аткаруучу органдар өкмөттүн карамагына өтөт.

Кийинки өзгөрүү – министрлерди дайындоодо Казакстан президентинин жоопкерчилигин кыскартуу сунушталган. Жаңы вариантта президент тышкы иштер министрин жана коргоо министрин гана дайындай алат. Мурункусунда ички иштер министри менен юстиция министрин президент шайлачу.

Дагы бир маанилүү өзгөрү 70-беренеде каралган. Сөз өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө. Учурдагы Конституцияда өкмөт ыйгарым укуктарын президент жаңы шайланганда токтотсо эми, эгер түзөтүүлөр кабыл алынса, парламенттин мажилиси жаңы шайланганда токтот. Муну менен мажилистин ролу менен парламенттик шайлоолордун маанисин жогорулатуу максаттары каралган.

Маалымат катары айта кетели – Мажилис – бул Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы. Мажилис 107 депутаттан турат. 98 депутатты партиялык тизмелер боюнча эл шайлайт. Калган 9 депутатты Казакстан калкынын Ассамблеясы шайлайт. Мажилистеги депутаттардын иш мөөнөтү 5 жыл. Учурда мажилисте 3 партиянын депутаттары жумуш аткарат: "Нур отан" партиясы, ишкерлердин Ак-жол партиясы жана коммунистердин партиясы.

Уктурууну даярдаган Кайрат Жаманкулов, алып барган  Сүймөнкул Идрисов , "Биринчи радио"