Жаңылыктар
Кыздарды кордогон “жарма патриоттор” жоопкерчиликке тартыла элек
Кыргызстан жаңылыктары
Кыздарды кордогон “жарма патриоттор” жоопкерчиликке тартыла элек

Орусияда кордолгон кыргыз кыздарынын дагы бир видеосу интернетте жарык көрдү. Тасмада алар башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнү үчүн суракка алынганы көрсөтүлгөн. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Кыздардын өздүгү такталып, арыз жазышы талап кылынат. Өздөрүн “патриоттор” деп атаган топтун аракеттери буга чейин да кызуу талкууга кабылган эле.

Тасмада эки кыздын суракка алынып жатканы көрсөтүлгөн. Азер улутундагылар менен мамиле курду деп айыптаган кыргыз жигиттери алардын бирин күч менен видеого тартышкан. Тасма интернетте жарык көрөөр замат талкууга түштү. Ичики иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев окуя болгон жер аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Бирок, кылмыш иши козголо элек.

Кыргыз коомчулугу мындай мазмундагы видео тасмаларды 5 жылдан бери мезгил-мезгили менен көрүп келе жатат. Ар улуттун өкүлдөрүн батырган орус шаарларында айрым кыргыз кыздарын жеңил ойлуулугу үчүн жазалаган жигиттер муну улуттун намысы үчүн жасап жатабыз дешет. Көпчүлүк жарандар маселени чечүүнүн мындай ыкмасын “жарма патриоттордун” кылаар иши деп баалайт. Кыргызстандын Орусиядагы эмгек мигранттарынын коомдук кыймылынын төрагасы Алишер Маданбеков кыздарга зомбулук менен эмес, түшүндүрүү аркылуу туура жолго үндөө керек экенин айтат. Ал өздөрүн “патриот” атагандарды турмуштан ордун таба албаган, иши жок жүргөн мырзалар деп боолголойт.

Мындай окуяларды эмгек мигранттары менен тыгыз байланышта жүргөн “Замандаш” ассоциациясы да иликтеп жатат. Уюмдун өкүлү Азамат Айтбаев кыргыз кыздарын бөтөн жерде ар-намысты сактоого, адашпоого үндөйт. Ал эми аларга мыйзамсыз чара колдонгондор бир эле топтун колунан келген иш дегенден алыс.

Жабырлангандардын баары эле ачыкка чыга беришпейт. Буга чейин Орусияда кыздарды башка улуттагылар менен мамиле курганы үчүн кордоду деген шек менен бир нече жигиттер кармалып, бирок көрсөтмөлөр кайра өзгөргөндүктөн кое берилген. Кыскасы элдин сөзү менен айтканда “жарма патриоттордун” бири да жоопкерчиликке тартылган эмес. Мындай окуялардын кайра-кайра орун алып жатышына дал ушул жагдай себеппи.