Жаңылыктар
Дача-СУ конушундагы авиакырсыкка туура 40 күн
Өзгөчө кырдаал
Дача-СУ конушундагы авиакырсыкка туура 40 күн

Дача-СУ конушундагы авиакырсыкка туура 40 күн болду. 16-январь күнү “Манас” аэропортуна жакын жердеги айылга “Боинг” жүк ташуучу учагы кулап, 20дан ашуун үй кыйраган. Кырсыктан 39 киши каза болуп, жүздөн ашууну жаракат алган. Курман болгондордун отуз беши жергиликтүү тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү.

Бул кырсык кыргызстандыктардын башын түндүккө бириктирди. Бири акча, башкасы тамак-аш жана кийим-кече жагынан кол сунуп жардам берди. Жабыркагандарга келген гуманитардык жардамдарды Чүй облусундагы жергиликтүү бийлик четинен бөлүп бере баштады.

Мындан тышкары, 12 бүлө убактылуу баш калкалай турган батирлерге көчүрүлдү. Алардын батиринин ижара акысын мамлекет төлөп жатат. Ал эми кенемте маселеси дагы чечилип калды. Турк авиакомпаниясы өкмөт менен бул багытта сүйлөшүп, кенемте төлөгөнгө даяр экендиктерин айтты. Ал эми кырсыктын себептерин иликтеген эл аралык авиациялык комиссиянын өкүлдөрү Дача-СУ конушунда тийиштүү изилдөө иштерин жасап бүттү. Учурда кара кутудагы маалыматтар текшерилип, окулуп жатканы айтылууда. 

Ал эми, Дача конушунун электр жарыгы калыбына келтирилип, ичүүчү суу байма-бай текшерилүүдө. Ал эми керосин төгүлгөн жерге кум жана жыгачтын таарындысы аралаштырылып себилди. Бул жытты сыртка чыгарбай, өзүнө сиңирет. Мындан тышкары Дача конушу урандылардан толук тазаланды.