Жаңылыктар
Россиядагы салттык ушу боюнча мелдеште спортчуларыбыз ийгилик жаратышты
Спорт
Россиядагы салттык ушу боюнча мелдеште спортчуларыбыз ийгилик жаратышты

Салттык ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы Россияда өткөн эл аралык мелдеште беш алтын медаль алды. Таймаштар Москва шаарында 17-22-февралда өтүп, ага 20 мамлекеттен келген 800дөй спортчу катышкан. Кыргызстандын беш спортчусу ушу-таолу боюнча күч сынашкан. 

Алтынга Жанболот Козубеков, Абдулмажид Абдурахманов, Адил Мусаев ээ болсо, федерациянын вице-президенти Наталья Нещерет эки алтын медаль алган. Ал эми Азирет Мусаев күмүш байгеге татыган.