Жаңылыктар
Авиакырсыктан жабыркагандар көңүл сыртында калбай
Кыргызстан жаңылыктары
Авиакырсыктан жабыркагандар көңүл сыртында калбай

Авиакырсыктан жабыркаган бир дагы адам мамлекеттин көңүл сыртында калууга тийиш эмес. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алганда айтты.

Мамлекет башчы каргашанын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүүнү улантуу зарылдыгын баса белгиледи. Жолугушууда мамлекет башчысына Дача- СУ конушунда трагедиянын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берилди. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жапа чеккендерди утурумдук турак-жай, зарыл медициналык жардам жана дары-дармек менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду.

Мухамметкалый Абулгазиев андан тышкары, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге укуктук жана материалдык жардам берүү, чыгымдарды өндүрүүгө колдоо көрсөтүү маселелеринин чечилиши тууралу президентке маалымат берди.