Жаңылыктар
Майлуу-Суу шаарындагы жер көчкү жолдорду тосуп калды
Өзгөчө кырдаал
Майлуу-Суу шаарындагы жер көчкү жолдорду тосуп калды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Кара-Жыгач участкасына 10 миң метр куб жер көчкү түшүп, айыл арасындагы чарбалык жолдорду тосуп, каттамды үзгүлтүкө учуратты. Көчкү катталаар замат жерине тийиштүү адистер барып, тазалоо иштерин жүргүздү.

Бактыга жараша, адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян келген жок. Бул участкада 22-февралда дагы жер көчкү түшкөн. Бул ирет 2- жолу кайталанып жатат. Мындан улам, куткаруучулар жергиликтүү тургундарга этият болууну эскертет.

“Бүгүнкү күндө эч кандай жабыркагандар жок, бирок жолду тосуп калган. Азыркы тапта тийиштүү адистер тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат”,- деп билдирди  ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкери Акылбек Ботобеков.