Жаңылыктар
Борбор калаадагы Куурчак театрдан өрт чыкты
Кырсык

Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаарында жайгашкан Куурчак театрында өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өрт толугу менен 1 сааттын ичинде өчүрүлгөн. Болжол менен куурчактардын кийимдери, керектелген  буюмдар сакталган жердин 50 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Кырсык учурунда 10 бала тышка чыгарылып, түтүнгө уукан улгайган адамга тез жардам чакырылган. Анын абалы канааттандырарлык. Учурда театрдагы өрт чыгуунун себептери жана чыгымдары текшерилип жатат.