Жаңылыктар
Экспортту көбөйтүү боюнча өкмөттүн аракети
Экономика
Экспортту көбөйтүү боюнча өкмөттүн аракети

Экономиканы өнүктүрүүдө экспорт -багытты аныктоочу ролду ойнойт. Мына ушул экспортту өнүктүрүү жаатындагы иштер өкмөттө талкууланды. Өлкөдө бир катар тармакты замандын талабына шайкеш келтирүү араркети көрүлүүдө. 

Азыктар базасын куруу, лабораторияларды жаңылоо айта берсе тизмеси көп. Ошол эле учурда ишке ашпай жаткандары дагы жок эмес. 

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу, Европа менен болгон алкасы бир катар тармакта иштин илгерилешине жол ачты. Өкмөт мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо аракетин көрүп жатат. Экспорт багытында программалар иштелип чыгып, жеңилдетилген насыялар каралган, логистикалык борборлорду куруу, ветеринарлардын санын көбөйтүү жана башка жасалчу иштер дагы арбын.

Азыркы учурда экспорт боюнча 1-орунда алтын, андан кийин айыл-чарба азыктары, үчүнчү машина куруу, 4-орунда жеңил өнөр жай товарлары турат. Экспорттун географиялык багыттары ар башка.

Жыйында экономика министрлиги жалпы маалымат берди. Сооронбай Жээнбеков анализде аймактардагы экспортту өнүктүрүү байкалган жок деп билдирди. Жыйынтыгында баардык мекмемелер жана аймактар менен биргелешип алдыга жылдыруу планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.