Жаңылыктар
Мыкты экспортчулар сыйланды
Экономика
Мыкты экспортчулар сыйланды

Кыргызстанадын экспорттунун көлөмү 2016-жылы 5,1% өстү. Мында Европага товар жиберүү мурдагы жылдарга салыштырганда 44,3%га көп. Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстаандын 2016-жылдагы мыкты экспортчусу улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлап жатып билдирди.

Экспорттун көлөмүн көбөйтүүнү колдоо үчүн өкмөт 2015-2017-жылга чейинки программа бекиткен. Ал программанын алкагында, экспортко ылайыкташкан мекеме, ишканаларды колдоого бюджеттен каражат бөлүнүп, 6%дык насыя бериле баштады. 

Түштүктө өстүрүлгөн пахтаны дыйкандардан сатып алып, андан тышкары Орусия, Казакстан, Кытай, Бангладешке экспортко чыгарган компания 5 мамлекетке жылына 3 миң тонна пахтаны жиберет. Алдыда ВСП+ макамы менен Европага чыгарып, пахта өстүрүүнү көбөйтүү планы бар.

Кыргызстан ЕАЭБден тышкары Европа базарына товарын экспортоого мүмкүнчүлүгү кенен. Ал үчүн кыргызстандык ишкерлер жогорку сапатка ыкташы зарыл. Айыл чарбасындагы ар бир продукциясы экологиялык таза, мындай продукцияга өнүккөн мамлекеттерде суроо-талап жогору. Ал эми экспортко чыгарууда мыктыларды аныктоо улуттук сыйлыгы келерки жылдын жыйынтыгы менен дагы уюштурулат.