Жаңылыктар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду: насыя чуусу
Экономика
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду: насыя чуусу

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берген насыяны максаттуу пайдалана албай калган "Брид" компаниясынын тоок фабрикасы фонддун балансына өткөрүлгөн.

Бирок, анын мурдагы жетекчиси Владимир Хегай фонд ишкананы рейдерлик жол менен басып алды деп айтып, ошол эле учурда насыяны төлөй албай калганын да мойнуна алган. 

Ал эми насыя келишиминде болсо, күрөөгө фабрика коюлган. 

Окуя 2015-жылы башталган. Чүй облусунун Ленин районунда жайгашкан “Брид” компаниясына караштуу тоок фабрикасынын ээси ишкананы модернизациялоо үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кайрылат. Фонд болсо, билдирүүнү карап чыгып, заманбап жабдыктарды сатып алууга 2 миллион 700 миң доллар бөлүп берген. Жабдыктар сатылып алынган, тоок фабрикасы өз продукциясын берип, жумуш өз нугунда жүрүп жаткан. Бирок, алынган насыянын негизги суммасын кайтарып берүүгө келгенде көйгөйлөр жаралган.

Эскерте кетсек, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тоок фабриканы 27-февраль күнү өтө турган аукционго койду.