Жаңылыктар
“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору
Кыргызстан жаңылыктары
“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм”. Мына ушундай аталыштагы долбоордун экинчи этабы башталды. Анда келечекте өзүнүн жеке менчик ишканаларын ачып, ишкерлик менен алектенем деген жаштарга сынак уюшулду.

Сынакка 10 жаш ишкер катышып, өзүнүн бизнес пландары менен бөлүштү. Жакшы көрсөткүчкө татыган жаш ишкерлерге 1миллион сомго чейин колдоо көрсөтүлөт. 

Өзүнүн жеке менчик ишканаларын ачып, ишкерлик менен алектенем деген жаштарга мүмкүнчүлүк түзүлүп, келечектеги ишкерлерди колдоо максатында “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору сынак уюштурду. Өзүнүн келечектеги бизнесинин планын сунуштаган 10 жаш ишкердин арасынан колдоо тапкандар бир миллион сом менен каржыланып, жеке ишин улантууга жана аны өнүктүрүүгө жардам берилет.

Бул долбоор март айында дагы ишин улантат.