Жаңылыктар
Жарандардын укугун коргоо
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандардын укугун коргоо

Президент Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы жарандардын эркиндигин жана конституциялык укуктарын коргоо боюнча жасалган ииштер боюнча маалымат алды. 

Президент бардык мамлекеттик органдар Конституциялык палатанын чыгарган чечимдерин аткаруусу керектигин белгилеп, учурдагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтты. 

Ошондой эле жарандардын Конституция менен кепилденген укугу жана эркиндиги бийликтин бардык бутактары тарабынан камсыз болушу керектигин кошумчалады.